Түркмөнстан жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Бишкекке жетти

Автор

Түркмөнстан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 2 миң тонна суюлтулган газ Кыргызстанга жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, темир жол аркылуу келген 58 вагон жүктү тосуп алуу иш-чарасына КР энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев дагы катышты.
Министрдин орун басары Түркмөнстандын президентине, Түркмөнстандын Энергетика министрлигине жана Түркмөнгаз мамлекеттик концернинин төрагасына ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин коңшу Өзбекстан да гуманитардык жардам катары 1 миң суюлтулган газ баллондорун жөнөткөн.
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

Бөлүшүү:
Next Post

Өрттөн жүздөн ашык адам көз жумса, 1100 үй кыйрады

Чилидеги токой өртүнөн жүздөн ашык адам көз жумганы, 1100 үй кыйрап калганы кабарланды. Өлкөнүн президенти Габриэль Борич улуттук телекөрсөтүү аркылуу жарандарга кайрылып, өрттүн жайылышына каршы күрөшүп жаткан куткаруучулар менен кызматташууга чакырды. Президент өрт тез жайылып жатканын, климаттык шарттар, жогорку температура, катуу шамал жана төмөнкү нымдуулук тилсиз жоону көзөмөлдөөнү кыйындатып жатканын […]

Сизге жагышы мүмкүн