Түркия “Палестина-Израиль” чатагын чечүүгө даяр экенин билдирди

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Германиянын канцлери Олаф Шольц менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Анкара көптөгөн тынчтык кадамдарга, анын ичинде палестин-израилдик жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр экенин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Израил-Палестина чатагы жана гуманитардык кризистерди чечүү жолдорун издөө боюнча пикир алмашылды. Президент Эрдоган Түркия кризисти мүмкүн болушунча тезирээк чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын жана көптөгөн тынчтык кадамдарга, анын ичинде ортомчулукка даяр экенин билдирди.
Президент Эрдоган көйгөйдүн түп тамырынан бери чечилиши үчүн Палестинага берилген убадалардын аткарылышы жана эгемендүү, географиялык бүтүндүктүү, борбору Чыгышта болгон Палестина мамлекетинин түзүлүшү үчүн эл аралык коомчулуктун жетекчилиги керек экенин белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Чаткалда эки кар көчкү станциясы ишке кирди

Чаткалда 1,17 млн долларга эки кар көчкү станциясы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, станцияларды орнотуу “Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азияда регионалдык кызматташуу боюнча потенциалды чыңдоо” долбоорунун алкагында Япониянын колдоосунда ишке ашырылды.   “Станциялар реалдуу убакыт режиминде так маалымат берип, калкты кар […]

Сизге жагышы мүмкүн