Түркия орус газын алуудан баш тартышы мүмкүн. Түрк тарап жаңы өнөктөш катары америкалык “ExxonMobil” ишканасы менен келишкенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Учурда расмий Анкара өлкөсүнө керектелүүчү газдын 40 пайызын Орусиядан алат. Ал эми орус бийлиги кечээ рейд учурунда 135 мигрантты кармады. Алардын ичинде тажик, кыргыз жана өзбектер бар. Орус жарандыгы бар мигранттар үчүн согушка чакыруу жөнөтүлүп жатат.