Дан келишимин калыбына келтирүү маселеси Россия менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Хакан Фидандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болду. Анкара бул демилгени кайра жандандырууга үмүттөнүүдө. Бул тууралуу түрк министри жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Москвада өткөн маалымат жыйынында билдирди.
«Кара деңиз дан демилгесин активдештирүү маселеси биздин күн тартибибизде негизги тема болду. Биз демилгенин глобалдык азык-түлүк коопсуздугу жана Кара деңиз аймагындагы стабилдүүлүк жагынан чечүүчү ролуна көңүл бурдук»,-деди Фидан.
Анын айтымында, Түркия менен БУУ дан келишими боюнча сунуштардын жаңы пакеттерин даярдашкан.