Түркия Кыргызстандын 62 млн долларлык карызын кечти

Автор

Түркия Кыргызстандын карызын кечти. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен биргелешкен билдирүүсүндө айтты.
Анын айтуусунда, Түркия Кыргызстандын 62 миллион карызын кечкен. Ал жашыл экономикалык долбоорлорго жумшалат.
«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саламаттык сактоо, энергетика, экономика, айыл чарба, санариптештирүү, коопсуздук жана маданият тармактары боюнча маанилүү макулдашууларга кол коюлду. Ушул мамлекеттик сапар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабын ачкан, кыргыз-түрк мамилелеринин тарыхындагы маанилүү окуя болду десем жаңылышпайм» , — деди Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Ипотекалык компания жарандарды шылуундардан сак болууга чакырды

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды ипотека алуу үчүн арыз толтурууга жардам сунуштап, кезекке коюп берем деп акча алган шылуундардан сак болууга чакырды. Мекемеден маалымдашкандай, сайтка кирип өтүнмө берүү электрондук түрдө жүргүзүлөт жана кезекке туруу автоматташтырылган. “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесине келсеңиздер адистер кеп-кеңеш, жардам беришет жана сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп аласыз”, […]

Сизге жагышы мүмкүн