Түркия Израил менен мамилесин үздү

Автор

Түркия Израил менен дипломатиялык мамилесин токтотконун өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган билдирди.
“Биз, Түркия Республикасы мамлекет жана өкмөт катары, Израил менен болгон мамилебизди үздүк. Азыркы учурда Израил менен эч кандай мамилебиз жок”,-деп баса белгиледи ал.
Эрдоган кошумчалагандай, Анкара келечекте кызматташтыкты өнүктүрүүгө эч кандай кадамдарды жасаган жок.
2023-жылдын октябрь айында Газа тилкесинде Израилдин коргонуу армиясы операция жүргүзө баштагандан бери Түркия Тель-Авивдин аракеттерин, палестиналык бейкүнөө адамдарды массалык өлтүрүүгө айыптап келет. Түркия бир нече жолу ок атышууну токтотууга чакырган.
Май айында Түркиянын Соода министрлиги Израил менен соода жүргүзүүнү толук токтотконун жарыялаган. Буга чейин Анкара 54 товар тобунун экспортун чектеген.
Эрдоган Израил өкмөтүнүн башчысын “Газанын 150 миң жашоочусунун каны бар канкор” деп атаган. Мындан мурда ал Нетаньяхуну “замандын Гитлери” деп атап, Батыш анын кылмыштарын көз жаздымда калтырганын белгилеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 14-ноябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 20 тыйын болсо, сатуу 86 сом 55 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 86 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн