Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Фахреттин Кожа израилдик кесиптеши менен Газа тилкесиндеги рак менен ооруган балдарды өз өлкөсүнө өткөрүү боюнча макулдашканын белгилүү болду.
“Мен Израилдин саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Ал дагы бизди туура көрдү. Оорулууларды Түркияга коопсуз өткөрүү боюнча макулдаштык. Биз ооруган балдарды Түркияга тез арада алып келе баштайбыз”,-деди Түркиянын саламаттыкты сактоо министри.