Түркия БРИКСке өнөктөш болуу сунушун алды

Автор

Түркия БРИКСке өнөктөш өлкө болуу сунушун алды. Бул тууралуу өлкөнүн соода министри Өмер Болат билдирди.
Болат уюмга кошулуу республикага чоң пайда алып келерин, бул Түркияга бардык маанилүү дүйнөлүк платформалар менен кызматташууга мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.
БРИКС — 2006-жылы Россия, Кытай, Индия жана Бразилия тарабынан түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме болуп саналат. Ага 2011-жылы Түштүк Африка кошулган. 2024-жылдын башынан тартып БРИКСке Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Аравиясы кошулду.
2024-жылдын 1-январынан баштап Россия уюмда төрагалык кылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кызамыкка каршы 60 миңден ашык бала эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда кызамыкка жана кызылчага каршы тазалоочу эмдөөнүн алкагында 60 миңден ашык бала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Министрликке караштуу Республикалык иммунопрофилактика борбору жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун 13 475 учуру катталганын билдирди. Анын 1314ү чоңдор, 12161и балдар, анын ичинен 9067си 4 жашка чейинки балдар. Эң көп […]

Сизге жагышы мүмкүн