Түркия БРИКСке кошулабы?

Автор

Түркия БРИКСке кошулуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги анонимдүү булактарга таянып билдирди. Түркия байланыштарын кеңейтүү жана дүйнөлүк таасирин күчөтүүнү көздөөдө. БРИКСке кошулуу маселеси октябрь айында Казанда өтө турган саммитте талкууланышы мүмкүн.
Россия Түркиянын кызыгуусун кубаттады. БРИКСке Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирет. 2024-жылдын 1-январынан тартып, Иран, Египет, Эфиопия жана БАЭ кошулду. Сауд Аравиясы дагы чакыруу алды, бирок акыркы чечимин кабыл ала элек. 2024-жылы БРИКСке Россия төрагалык кылат.

Бөлүшүү:
Next Post

U-20: Кыргызстандык балбан Асан Жанышов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал турнирге 87 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Балбан алгачкы беттеште Грузиялык Ачико Боквадзени 11:3, чейрек финалда швециялык Хамза Сертканлини 7:3, ал эми […]

Сизге жагышы мүмкүн