Түркия “Борбордук Азия” терминин “Түркстан” деп өзгөртөт

Автор

Түркиянын Улуттук билим берүү министрлиги тарых окуу программасына негизги өзгөртүүлөрдү киргизерин жарыялады. Жаңы ыкмага ылайык, “Борбордук Азия” термини “Түркстан” деп алмаштырылат.
Адистердин айтымында, бул чечим келечек муундар арасында улуттук аң-сезимди жана мекенди чыңдоого багытталган.
Өзгөртүүлөрдү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да колдоду.
“Биз алдыдагы мезгилди түрк дооруна айландыруу үчүн “Түркия кылымы” деген көз карашыбызды Түрк мамлекеттер уюмуна жайылтып, жанаша иштейбиз”,-деди ал.
“Түркстан” термининин тарыхый маанилүүлүгүн түрк профессорлору да баса белгилешти. Профессор Ахмет Ташагыл бул терминдин тарыхый маанисин түшүндүрдү. Анын айтымында, бул сөз “түрктөрдүн мекени” дегенди билдирет жана тарыхтын эң алгачкы мезгилдеринен бери колдонулуп келген.
“Түркстан деген сөз “түрктөрдүн мекени” дегенди билдирет. 19-кылымдын экинчи жарымында Россиянын басып алуусунун натыйжасында, Түркстан аталышынын ордуна Борбордук Азия концепциясы киргизилип, кеңири тараган”,-деди ал.
“Биздин Түркстан концепциясына кайрылуубуз жана аны Улуттук билим берүү министрлигинин окуу китептерине киргизүүсү – өтө туура чечим. Түркия да, Түркстан да негизинен түрк калкы жашаган аймактарды билдирет”,-деп кошумчалады доцент Рамин Садык.
Адистердин айтымында, бул өзгөртүү түрк дүйнөсүндөгү байланышты бекемдөө боюнча кеңири стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Буга жалпы тарыхты, адабиятты, карталарды жана алфавитти түзүү кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Түркмөнстанга иш сапары менен келди

Россиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик маалымат агенттиктеринин маалыматы боюнча Ашхабадга иш сапары менен келди. Путин Иран президенти Масуд Пезешкиян менен жолугат. Ошондой эле «Заманалардын жана цивилизациялардын байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи» форумуна катышат. Эки өлкөнүн президенттери эки тараптуу маселелерди жана Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушун талкуулашат. Форумга Россиянын президентинен тышкары […]

Сизге жагышы мүмкүн