Бүгүн, 3-майда Кыргыз-түрк “Манас” университетине караштуу Чыңгыз Айтматов атындагы шаарчада Түркия стипендиялары (Türkiye bursları) үчүн Жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагы башталды. Тактап айтканда, Түркия мамлекети бөлгөн квоталар үчүн кыргызстандык окуучулар күч сынашат. Сынакты ийгиликтүү өткөндөр Түркиянын белгилүү университеттеринде медицина, психология, экономика, дин, мамлекеттик башкаруу факультеттеринде билим алышат.