Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келет

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен 5-6 ноябрда келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Эрдогандын сапары учурунда эки өлкөнүн министрлери кыргызстандык бейтаптардын Түркияда дарылануусу, квота маселеси камтылган документке кол коет.
Эске салсак, Тышкы иштер министрлиги буга чейин маалымдагандай, 6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жарым марафон өтөт

Бишкекте 29-сентябрь күнү «Snow Leopard Run-2024» бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чара «Ала-Тоо» аянтында 4500 адамдын катышуусунда башталат. Жарыш 5 чакырым, 14 чакырым, 21,1 чакырым аралыктарды, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыйт. Жарым марафон борбордук көчөлөр аркылуу өтөт. […]

Сизге жагышы мүмкүн