Түркиянын омбудсмени Кыргызстанга келди

Автор

Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында бүгүн, 4-сентябрда Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташтык жөнүндө мемордумга кол коюшат.

Документ Кыргызстан менен Түркиянын омбудсмен институттарынын ортосундагы Түркиядагы Кыргызстандын, ошондой эле Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди камтыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн эртең менен кофе ичебиз?

Кофе дүйнөдөгү эң популярдуу жана байыркы суусундуктардын бири. Миллиондогон адамдар күнүн бир чыны кофе менен башташат. Сүт, шекер менен, муздак суу менен, лимон менен, жада калса туз менен да ичишет. Анын өзгөчө даамы жана жыты чыныгы кофе маниясын пайда кылат. Кофе ичимдик эмес. Кофе бул ырахат алуу искусствосу болуп саналат […]

Сизге жагышы мүмкүн