Түркиянын бешинчи муундагы KAAN аталышындагы согуштук учагы шаршемби күнү биринчи учуу сыноосун аяктады.
Түркиянын эң дымактуу технологиялык долбоору деп эсептелген KAAN улуттук согуштук учагы “Turkish Aerospace Industries” компаниясы тарабынан иштелип чыккан.
Бешинчи муундагы түзүм Түркиянын Аскер-аба күчтөрүнүн F-16 учактарын алмаштыруу үчүн иштелип чыккан.
KAAN долбоору 2016-жылы башталган. Программанын баасы 10 миллиард долларга бааланган.
Шакиев башталгыч класстарга кыргыз тилинде гана окутууну сунуштады
Шар Фев 21 , 2024