Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалардын башкы директорунун орун басары Бахар Айдынлы баштаган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушууда Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасында органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Делегациянын курамында эки бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясын жасай турган трансплантолог дарыгерлер бар. Операция даярдык иштери аяктагандан кийин жасалат.