Түркияда шайлоодон кийин нааразылык акциялары башталды

Автор

Түркияда улуттук муниципалдык шайлоодо Ван шаарынын мэрлигине талапкерлердин биринин жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул саясатчылардын жана бир катар шаарлардын тургундарынын нааразылыктарын жаратты.
Түркияда шайлоо органдары Ван шаарынын мэрлигине талапкерди шайлоонун жыйынтыгын акыркы учурда жокко чыгарды. Бул жарандардын нааразычылыгын жаратып, оппозициянын сынына да себеп болду. Түркиянын Иран менен чыгыш чек арасына жакын жайгашкан Ван шаарында жекшембиде өткөн улуттук муниципалдык шайлоодо DEM партиясынан Абдулла Зейдан 55 пайыздан ашык добушка ээ болду.
Зейдандын четтетилиши президент Эрдогандын башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынан талапкерге автоматтык түрдө жеңишти ыйгарганы белгиленген. Бул чечимден кийин чогулган демонстранттар шаарда жүрүшкө чыгууну каалашкан, бирок аларга уруксат берилген эмес. Андан соң эл аллеяларга тарап, көчөлөрдөгү гүлзарларды бузуп, от жагып, полицияга таш ыргытышкан.
Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая нааразылык акцияларында 89 адам кармалганын билдирди.
31-мартта Түркияда жергиликтүү муниципалитеттердин башчыларын шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, оппозиция 20 жылдан бери биринчи жолу бийликтеги партияны жеңди.

Бөлүшүү:
Next Post

Министрликтерде жердешчилик күч алды

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева министрликтерде жердешчилик күч алганын айтып, мындай абал өлкөдө хаоско алып келет деп билдирди. Ал энергетика министри боюнча маселе козгоп, жалаң өзүнүн жердештерин министрликке топтоп алганын айтты. Депутат мамлекеттик кызматкерлерди этият мамиле кылууга чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 3-апрелде парламенттин жалпы жыйынында билдирди. Ушундай эле […]

Сизге жагышы мүмкүн