Кыргызстандагыдай уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш Түркияда да башталды. Кечээ түрк ички иштер министрлигинин кызматкерлери Стамбулда рейд өткөрүп, бир катар кылмыштуу топтун лидерлерин колго түшүрдү. Айрыкча, көптөн бери издөөдө жүргөн “yolyemezler” деп аталган мафиянын лидерин жана жан жөкөрлөрүн кылтакка илген. Учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө уюшкан кылмыштуу топтор менен аёсуз күрөш жүрүп жатканы белгилүү болду.