Түркиянын Карталкая тоо-лыжа курортундагы Grand Kartal мейманканасында чыккан өрт боюнча издөө жана өчүрүү иштери аяктады. Көз жумгандардын саны 76 адамга жетти. Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланды.
Өрттүн себептерин иликтөөнүн алкагында тогуз адам кармалды. Окуя болгон жерге келген адистер мейманкананын курулуш процессин башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин изилдеп, кемчиликтерди аныктоодо. Иликтөө аяктагандан кийин жыйынтыктар сунушталат.
Grand Kartal мейманканасынын ресторанында бөлүгүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 21-январда эртең менен кабарланган. Окуя учурунда имаратта 237 адам болгон.