Түркияда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Автор

Түркиянын чыгышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Европа-Жер Ортолук сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, эпицентри Малатия шаарынан 44 чакырым чыгышта, 10 чакырым тереңдикте болгон.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы (AFAD) жер титирөөнүн күчүн 5,9 балл деп баалап, Малатия, Диярбакыр, Элязыг аймактарында сезилгенин билдирди.
Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая X платформасында үч имарат жарым-жартылай кыйраганын жазды. Анын айтымында, тез жардам кызматтарына 374 кайрылуу түшкөн. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Бөлүшүү:
Next Post

17-октябрь: Туруксуз аба ырайы сакталат

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр карга айланат. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 18-23 метрге чейин жетет. Өрөөндөрдө абанын температурасы -3…-5 градуска […]

Сизге жагышы мүмкүн