Түркияда “Жеңиш” партиясы күч алууда

Автор

Түркия Республикасынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгында экономикалык көйгөйлөрдөн тышкары миллиондогон качкындардын көйгөйүн жана жүгүн жеңүү үчүн туура саясатты иштеп чыга албай жатат.

Сирия жана Ооганстандан келген миллиондогон качкындардын өлкөдөгү абалы  Түрк коомундагы жалпы бөлүнүүнүн негизги себептеринин бирине айланып бараткансыйт.

Качкындар маселесинде Түркиянын бийликтеги да, оппозициялык да партияларынын  ийгиликтүү кадамдарга барып, ишке ашыра албай  калышы коомдогу жаңы саясий изденүүлөрдүн себеби болуп калды.

Түрк коому экономикалык маселелерден тышкары, качкындардын айынан келип чыккан социалдык көйгөйлөр менен күрөшүүгө аракет кылып жатканы менен саясатка жакында эле түзүлүп, “жарк” эткен Ататүрктүн төңкөрүштөрүнүн Түрк жана Туран өздүгү менен багыт алган “Жеңиш” партиясы качкындар маселеси боюнча так позициясы менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Саясий илимдердин доктору, профессор Үмит Өздагдын төрагалыгында “Түрк-Туран” көз караштары жана илимий ишмердүүлүгү менен таанылган “Жеңиш” партиясы жаңы түзүлгөн партия болгонуна карабастан, биринчи катышкан шайлоолордо олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Белгилеп кетсек, “Түрк-Туран” жана Ататүрктүк риторикасы жана качкындарга карата катаал саясаты менен “Жеңиш” партиясы биринчи шайлоодо алда канча көп добуштары менен коомчулукта таанылып, Түрк шайлоочулары жактырган экинчи партияга айланды.

Качкындар маселесинде өкмөттү колдогон Түркиянын эң эски улутчул партиясы болгон Улуттук Кыймыл партиясынын пассивдүүлүгү жана башка оппозициялык партиялардын да бул аракетсиздикке моюн сунуусу, кыймылды тездетип, “Жеңиш” партиясынын позициясын чыңдады.

“Жеңиш” партиясы экономикалык көйгөйлөр жана коопсуздук саясаты, биринчи кезекте качкындар маселеси боюнча динамикалуу, катаал билдирүүлөрү менен Түрк коомчулугунун күн тартибин ээледи.

Жакынкы он жылда бир жол табылбаса, Түркиянын бүткүл демографиялык түзүлүшүн өзгөртүшү күтүлгөн качкындар көйгөйүнөн улам келип чыккан социалдык тынчсызданууларга радикалдуу чечимди сунуштаган “Жеңиш” партиясы, бардык качкындарды тез арада мекенине кайтаруу чакырыгы менен өлкөдө өсүп бараткан улутчулдуктун, өзгөчө секулярдык улутчулдуктун жаңы дареги болуп калмакчы.

Ататүрккө окшош секулярдык баяндамасы жана басыгы менен айырмаланган “Жеңиш” партиясы улутчул маанайдагы шайлоочуларды өзүнө тартып турган “Түрк дооруна” басым жасамакчы.

Жээнали Жумаев

Бөлүшүү:
Next Post

23-августка карата аба ырайы

Эртең, 23-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30… +35   Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31… +36   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28 […]

Сизге жагышы мүмкүн