Түркиянын Малатья аймагында болгон жер титирөөдө 187 адам ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдирди.
“Үч имарат жарым-жартылай урады. Жабыркаган 43 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө”,-деди министр.
Түркияда 16-октябрда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Малатия шаарынан 47 чакырым чыгышта жайгашкан. Жер титирөөдөн кийин күчү 3 баллга чейинки 30 силкинүү катталган.
Килиан Мбаппе зордуктоо иши боюнча 6 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн
Бей Окт 17 , 2024