2023-жылдын 16-мартына Түркияда зилзаладан жабыр тарткан жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 108 млн сомго толукталды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.
Банк: «Айыл Банк» ААК
ИНН: 01803199710084
БИК: 135001
ОКПО: 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 – «Учурдагы жардам»;