Түркиядагы кырсык: Тик учакта  каза болгон экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылды

Автор

Түркияда тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын экинчи жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Каза болгондордун сөөктөрүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси боюнча Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн.

Кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө катталган.

Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учактын ичинде төрт экипаж болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жараны. Буга чейин бир кыргыз жараны ооруканага түшкөндүгү, ал эми экинчи жарандын сөөгү табылгандыгы маалымдалган.

Бөлүшүү:
Next Post

18 жаштагы футболчу Бекназ Алмазбеков түркиялык "Галатасарай" клубунда ойнойт

Кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков Түркиянын жогорку лигасындагы «Галатасарай» клубунда ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти. Маалыматка караганда, 18 жаштагы Алмазбеков «Галатасарай» менен 2025-2026-жылдагы сезондун аягына чейин келишим түзгөн. Эскерте кетсек, Бекназ Алмазбеков буга чейин “Галатасарайдын” жаштар командасында ойноп, 2022-жылы 19 жаштан ашпаган оюнчулардан куралган “Галатасарай” U-19 жаштар командасынын курамында […]

Сизге жагышы мүмкүн