Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Саратов облусунун үстүнөн тогуз, Курск облусуна үч, Белгород, Брянск жана Тула облустарына экиден, Орел жана Рязань облустарынын үстүнөн бирден учкучсуз учак жок кылынды.
Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргиндин айтымында атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары Саратов жана Энгельс шаарларындагы турак жайларга зыян келтиргенин билдирген. Бир нече адам жабыркап, бир аял оор абалда ооруканага жеткирилген. Тез жардам кызматы жеринде иштеп жатат.