Түндө 59 дрон чабуул жасады. Аэропорттун иши токтоду

Автор

Украинанын учкучсуз учактары 25-декабрга караган түнү Россиянын аймактарына чабуул жасаганы тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, түн ичинде абадан коргонуу системалары 59 дронду жок кылды. Белгород облусунда 26, Воронежде 23, Курск, Брянск жана Тамбов облустарында үчтөн, Азов деңизинин үстүндө бир дрон атып түшүрүлгөн.
25-декабрда эртең менен Росавиация Казань аэропортунун ишине чектөөлөр киргизилгенин кабарлады. Бул чара жарандык учактардын коопсуз учууларын камсыздоо үчүн көрүлгөн. Казань шаарына учуп келе жаткан Стамбул, Алматы жана Томск каттамдары Самарага багытталган.

Бөлүшүү:
Next Post

26-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-декабрга өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +3…+8, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7, Баткенде түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн