Түндө өлкөнүн түштүк аймагында жер титиреди

Автор

18-июнда саат 02:12 очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Арсланбаб айылынан түштүк-батышка карай 4 чакырым, Жай-Терек айылынан түндүккө карай 4 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түндүк-чыгышка карай 40 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.
Калктуу пункттарда жердин силкинүүсү Арсланбаб жана Жай-Терек айылдарында 4 балл, Чарбак, Кызыл-Үңкүр, Көк-Алма, Үч-Булак айылдарында 3,5 балл, Тоскоол, Бабаш-Ата, Каду, Көсө-Терек жана Жаз-Кечүү айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Түндүк Кореяга жана Вьетнамга барат

Владимир Путин 18-19-июнь күндөрү Түндүк Кореяга бара турганын Кремль билдирди. Андан кийин, 19-20-июнь күндөрү, мамлекет башчысынын Вьетнамга сапары болот. “Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын мамлекеттик иштер боюнча төрагасы Ким Чен Ындын чакыруусу боюнча Владимир Путин 18-19-июнь күндөрү достук мамлекеттик сапар менен Корея Элдик-Демократиялык Республикасына барат”,-деп билдирди Кремль. Ал эми Ханойдо президент Коммунисттик […]

Сизге жагышы мүмкүн