Түндөгү окуяда 29 жаран жабыркаган

Автор

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, кечээ, 17-майдын түнүндөгү окуяларда тез жардам кызматына 29 адам кайрылган. Анын ичинен 15 адамды шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирип, калгандары жеринде медициналык кароодон өткөн.
Азыр шаардык тез жардам ооруканасында баш мээнин жабык травмасы деген диагноз менен эки бейтап бар. Алардын абалы азырынча жакшы.
Саламаттыкты сактоо министри Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө жаак сөөгү сынган пакистандык жарандын абалы менен таанышты. Азыр аны операцияга даярдап жатышканы белгилүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп үчүнчү дүйнөлүк согуштун чыгышы мүмкүндүгүн айтты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп АКШдагы шайлоого беш ай калганда азыркы америкалык жетекчиликтин компетентсиздигинен үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирди. “Бул өлкөнү башкаргандар ​​менен көп адамдар тирүү калбайт, анткени заманбап куралдын күчү коркунучтуу. Биз жакынкы беш айдын ичинде үчүнчү дүйнөлүк согушка кирип кетишибиз мүмкүн”, – деди ал Миннесотадагы […]

Сизге жагышы мүмкүн