«Түндүк» тиркемесинде жаңы кызмат ачылды

Автор

«Түндүк» тиркемесинде жаңы кызмат пайда болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
«Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Дарек боюнча катталгандардын саны жөнүндө маалымкат» жаңы кызматы ачылды. Эми турак жайлардын ээлери калкты тейлөө борборлоруна барбастан эле бир нече чыкылдатуу менен өз дарегинде катталган адамдардын саны тууралуу маалыматты ала алышат», — деп айтылат билдирүүдө.
Кызматтын баасы 200 сом, маалымкат бир айга жарактуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда инфляция орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыздык көрсөткүчтөн төмөн деңгээлде сакталып турат. 2024-жылдын октябрь айында жылдык инфляция көрсөткүчү 2023-жылдын декабрь айына салыштырмалуу төмөндөп, 4,6 пайызды түзгөн. Негизинен инфляциянын орточо мааниси мурда […]

Сизге жагышы мүмкүн