Түндүк Корея Түштүк Корея менен чек арадагы жолдорду жардырды

Автор

Түндүк Кореянын аскерлери түштүк тараптагы Чосон жарым аралын байланыштырган жолдордун бөлүктөрүн жардырды. Бул тууралуу «Ренхап» агенттиги билдирди.
14-октябрда штаб башчыларынын биргелешкен комитети Түндүк Кореянын чек арадагы жолдорду жарууга даярданып жатканын кабарлаган. Андан бир аз мурда Түндүк Корея Түштүк Корея менен болгон автожол жана темир жолдорду жаап, чек араны «чепке айландыруу» пландарын жарыялаган.
13-октябрда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чен эгерде дагы бир жолу түштүк кореялык учкучсуз учуучу аппарат Түндүк Кореянын аймагына кирсе «кайгылуу жана трагедиялуу кесепеттер» болорун эскерткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкектеги фонтандар өчүрүлүп, кышка даярдалат

Бүгүн, 15-октябрдан тарта борбор калаадагы муниципалдык менчиктеги фонтандар өчүрүлүп, кышка даярдалат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Өчүрүлгөндөн кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары фонтандардын бассейндеринен сууну агызып, тазалоо иштерин башташат. Анын ичинде «Ала Тоо» аянтындагы фонтан топтору да өчүрүлөт. Кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында подряддык уюм бардык фонтан […]

Сизге жагышы мүмкүн