Түндүк Корея Түштүк Корея менен жолдорду жабарын жарыялады

Автор

Түндүк Кореянын Башкы штабы Корей жарым аралындагы кырдаалдын курчушу өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн “оор чараларды кабыл алууну” талап кылып жатканын билдирди. Ушуга байланыштуу КЭДР Түштүк Корея менен автомобиль жана темир жолдорду жабат, деп билдирет Борбордук телеграф агенттиги. “9-октябрдан баштап Түштүк Корея менен автомобиль жана темир жолдорду толук жабуу жана аларды бекем коргонуу курулмалары менен күчтөндүрүү иштерин баштайбыз. Түштүк Корея менен түштүк чек араны тосуу согушту ооздуктоо жана республикабыздын коопсуздугун коргоо максатында өзүн-өзү коргоо чарасы болуп саналат”,-деп айтылат КЭДРдин Башкы штабынын билдирүүсүндө.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк валюта базарына 54,5 миллион доллар сатты

Улуттук банк валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар сатты. Бул тууралуу банктын маалыматтарында айтылат. Улуттук банк сентябрь айынын башында валюта базарынан 22,5 миллион доллар сатып алган. Жалпысынан жыл башынан бери банк 19 валюталык интервенция жүргүздү, анын ичинен 369,35 миллион доллар сатылып алынды, 204,45 миллион доллар сатылган Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн