Түндүк Кореяда 1-июлда жаңы тактикалык баллистикалык «Хвасонпхо-11да-4,5» ракетасын сынады. Борбордук Телеграф Агенттигинин (ЦТАК) маалыматына ылайык, бул ракетанын түрү 4,5 т салмактагы өтө чоң ок-дарыларга ылайыкташтырылган. Ракетанын учурулушу минималдуу (90 км) жана максималдуу (500 км) аралыкта жүргүзүлдү. Учуунун туруктуулугу жана тийүү тактыгы текшерилди.
Шей Июл 2 , 2024
Киевде казакстандык журналист Айдос Садыков каза болду. Бул тууралуу анын жубайы Наталья Садыкова өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Журналист 13 күндөн бери ооруканада, кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткан. 18-июнда ага кол салуу болгон. “Сүйүктүү жубайым, үч балабыздын атасы, казак элинин уулу Айдос өз өмүрүн Казакстан үчүн берди. Жалданма адам өлтүргүчтөрдүн колунан азаптуу […]