Түндүк Корея континенттер аралык ракета учурду

Автор

Түндүк Корея тарабынан учурулган ракета континенттер аралык баллистикалык ракетага тиешелүү болуп, учуу аралыгы 1000 чакырымды, бийиктиги 7000 чакырымды түздү. Тарыхтагы эң бийик жана узакка учкан учур тууралуу Япониянын коргоо министри Гэн Накатани премьер-министрдин кеңсесинде билдирди.
“Ракета 86 мүнөт учуп, 8.37де Хоккайдодогу Окусири аралынын батышынан 200 чакырым алыстыкта, Япон деңизине, Япониянын өзгөчө экономикалык зонасынан тышкары кулап түштү. Учуу аралыгы 1000 чакырымды, бийиктиги 7000 чакырымдан ашты. Ошентип, бул баллистикалык ракетанын учуу убактысы эң узак, бийиктиги эң чоң болду. Азыркы учурда деңиз жана аба кемелерине залакасы тийгендиги тууралуу маалымат жок”,-деди министр.
Түндүк Кореянын бул жылдагы баллистикалык ракетаны 12-ирет учурушу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте жаңы автобус каттамы ишке кирди

Бишкек шаарында бүгүн, 31-октябрдан баштап №101 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди. Муниципалитеттен билдиришкендей,каттамда 22 автобус иштеп, кыймыл аралыгы 10-14 мүнөттү түзөт. Жаңы ачылган муниципалдык автобус каттамынын жүрүү схемасы менен төмөндө тааныша аласыз. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн