Түндүк Кореяда өлкө лидери Ким Чен Ындын жетекчилигинде кемеге каршы жаңы типтеги Падасури-6 ракетасы сыналды. Бул тууралуу Кореянын борбордук маалымат агенттиги билдирди.
Учуруу 14-февралда болгон. Аны Ким Чен Ын жетектеген. Ракета 23 мүнөт абада болуп, Япон деңизиндеги “шарттуу буталарды” атканы белгиленген.
2-февралда Түндүк Корея жаңы зениттик ракетасын сынап, январь айында Пульхвасаль-3-31 канаттуу ракетасын сынаган.