Түндүк Корея баллистикалык ракеталарды учурду

Автор

Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Түндүк Корея бир жумада экинчи жолу баллистикалык ракета сыяктуу көрүнгөн нерселерди учурду. Алар Япония деңизи тарапты көздөй учкан.
Кийинчерээк Япониянын коргоо министри Гэн Накатани Түндүк Корея узактыгы 400 чакырымга чейин жана учуу бийиктиги 100 чакырым болгон жок дегенде 7 баллистикалык ракета учурганын, баары Япониянын өзгөчө экономикалык зонасынын сыртына түшкөнүн айтты.
31-октябрга караган түнү Түндүк Корея «Хвасон-19» деп аталган жаңы континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурган. Түзүм Хоккайдо аймагындагы Окусири аралынын жанында, Япониянын өзгөчө экономикалык зонасынын сыртына түшкөн

Бөлүшүү:
Next Post

Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар Кыргызстанга келди

Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар Кыргызстанга келди. Түндүк Кипрдин президентин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды. Белгилей кетсек, Эрсин Татар Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди. Саммиттин ишине Уюмга […]

Сизге жагышы мүмкүн