Түндүк Кореянын спутниги кулады

Автор

Түндүк Кореяда жасалган спутниги бар ташуучу ракетаны учуруу ийгиликсиз аяктады. Көйгөйлөрдүн себеби кыймылдаткыч системасынын туруксуздугу болгон.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Түндүк Кореянын ишке ашпай калган спутник учуруусун кескин айыптаганын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик билдирди.
Анын айтымында, баллистикалык ракета технологиясын колдонуу менен ар кандай учуруу Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларына каршы келет.
Маалыматтарга караганда, «Манниген-1» чалгындоо спутнигин «Чхоллима-1» ракетасын колдонуу менен орбитага чыгаруу пландалган. Учуруу учурунда көйгөйлөр жаралып, натыйжада ракета Сары деңизге кулап түшкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады

31-майда Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн-Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Жогорку Кеңештен макулдук сураган катын жолдоду. Төрага Нурлан Шакиев билдиргендей, Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду КР кылмыш жаза кодексинин 36-беренесиндеги 278-беренесинин 1-пунктундагы жана 36-беренесиндеги 326-беренесиндеги кылмыштарды жасагандыгы үчүн жана 338-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы […]

Сизге жагышы мүмкүн