Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга таштанды толтурулган шарлар келди

Автор

Түндүк Корея Түштүк Кореяны көздөй 150дөн ашык шар учурду. Объекттер Түштүк Кёнсанг провинциясына жетип, өлкөнүн ар кайсы жерлерине түштү.
Белгиленгендей, шарлардын ичинде таштандылар, желим бөтөлкөлөр, батареялар, бут кийимдер болгон. ММКлар шарлардын сүрөттөрүн жарыялоодо.
Түштүк Корея КЭДРдин мындай аракеттери эл аралык укукту бузуп, коопсуздукка коркунуч келтирерин белгиледи. Сеул КЭДРди “адамгерчиликсиз жана адепсиз аракеттерин” токтотууга чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Баткенде чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда аскер бөлүгүн зыярат кылып, чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды. Белгилүү болгондой, 3 жылдан бери чек арачылардын айлык маянасы 5 эсеге көбөйгөн. УКМК төрагасы чек арачылардан айлык акыларын сураганда, алар 75 миң сом колго алышаарын айткан. Ал эми […]

Сизге жагышы мүмкүн