Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет

Автор

Кыргыз Республикасынын эмгек баатыры, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгилент. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрда Жалал-Абад шаарында Т. Байзаков атындагы атындагы сейил бакка акындын айкели орнотулуп, Жалал-Абад Мамлекеттик университетинде илимий-практикалык конференция уюштурулат. Андан тышкары «Курманбек» стадионунда мааракелик иш-чара өтүп, акындын обондуу ырлары жаңырат.

Ошондой эле, октябрь айында Бишкек шаарында акындын 100 жылдыгына карата А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында китеп көргөзмөсү, конференция жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында эскерүү кечеси өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламентте ун маселеси уу-дуу жаратты

Бишкекте ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу  боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 21-сентябрда жалпы жыйында көтөрүп чыгышты. Эл өкүлү Тазабек Икрамов  Министрлер кабинети кышка даяр эмес экенин белгиледи. «1 кап унга бир заматта 1 миң сом акча кошулду. Бул өкмөттүн шалаакылыгы. Казакстанга каалагандай суу бердик. Азыр суу жок же ун жок. Күз […]

Сизге жагышы мүмкүн