Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковдун УТРКдан келтирилиши коомчулукта катуу талкууга кабылып, айрымдары улуттук трагедия катары баалап жиберишти. Кара-Суу районунун мурдагы акими Токтосун Барманов “Төгөлбай абанын обондуу ырларын угуп чонойдук эле.
“Мал арыгын семиртсең ооз майлайт, адам акмагын семиртсең ооз кандайт”,- болуптур го деген пикирин билдирди. Өткөн жумада УТРКнын жетекчилиги “жашы жеткендерди узаттык, алар жаштарга орун берип, кеп-кеңешин айтып турушат”,- деген билдирүүсүн тараткан эле. Кызматтан кеткендердин арасында белгилүү акын, жазуучулар да бар.