Тышкы иштер министри: “Кийинки саммит согушту аяктоого алып келиши керек”

Автор

Украина боюнча кийинки саммит согушту аяктоого алып келиши керек жана ага Россия чакырылат. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдирди.
“Кийинки саммит согуштун аякташын камсыздашы керек. Албетте, сүйлөшүү столунда башка тараптын да болушу зарыл. Согушту аяктоо үчүн эки тараптын да катышуусу керек экени анык. Биздин ишибиз ошол убакта Украинанын күчтүү позицияда болушу үчүн иштөө”,-деди министр.
Швейцарияда 15-16-июнь күндөрү Россия-Украина жаңжалы боюнча саммит өттү. Ага 160 өлкө жана уюм чакырылып, иш-чарага 90дон ашуун өлкө катышты. Жыйынтыктык коммюнике 80 өлкө тарабынан кол коюлду. Декларацияда Киевдин сунуштаган “тынчтык формуласынын” үч пункту көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев: “90-жылдардагы мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер кайтарылат”

Арзан акчага жана коррупциялык жол менен менчиктештирилген 90-жылдардагы объекттерди мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Ал бай адамдардын мүлкү тизмеленип, анын мыйзамдуулугу текшерүүгө алынарын айтты. «Мурдагы башаламан заманда элдин байлыгын, көптөгөн ишканаларды арзан акчага сатып алышып, же коррупциялык жол менен менчиктештирген. […]

Сизге жагышы мүмкүн