АКШнын вице-президенти Камала Харрис 15-июнда Тынчтык саммити өтө турган Швейцариянын Люцерн шаарына келет.
“Вице-президент Украинанын эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө, БУУнун Уставынын принциптерине негизделген адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүү боюнча Украинанын аракеттерин колдоо тууралуу администрациянын милдеттенмесин баса белгилейт”,-деп айтылат Ак сарайдын билдирүүсүндө.
Саммитке Харристи улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жейк Салливан коштоп барат.