Ушундай , заман оош-кыйыш болуп жатканда Орусия менен мамилени үзбөгөн өлкөлөр гана өнүгөт. Бул эң көп бизге таандык көрүнүш.
Көрдүңөр, Путин Карабак аймагы боюнча Пашинянды күнөөлөдү.
“Эгер Пашинян Карабакты Азербайжанга берген болсо, биз эмне кылышыбыз керек”,- деди коомчулук менен жолугушуусунда.
Мындан бир жума мурда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян “Орусия мындан ары Армениянын коопсуздугуна кепил боло албайт”,- деген билдирүүсүн тараткан. Мына ошол билдирүү Карабакты биротоло куткарып алуу үчүн Азербайжанды аракеттендирди. Орусия көз жумду, натыйжада, Карабак Армениянын карамагынан кетти.
Негизи, Орусия менен кылдат мамиле керек. Эки жүздүү саясат жүргүзгөн өлкөлөр Грузия, Украина жана Армениянын кейпин кийет. Мындан айрыкча, Борбор Азиядагы илең-салаң жашаган кедей өлкөлөр сабак алышы керек. Михаил Саакашвилинин тагдыры жана саясий карьерасы ортодо.
ОРУС ТИЛИ АЗЫРЫНЧА КЕРЕК
Бизде орусча билбеген муун бийликке келип атат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Илимдин тили, терминдер бүт орусча. Дары-дармек, темир-тезектердин кыргызча аталышы жок эсе. Билимдүү, акыл эстүү муун келмейинче, орус тилинен жана кирилл алфавитинен же, орустардан кетебиз дегенибиз чоң ката.
ОТКО САЛЫНГАН ОТУН БОЛБОЙЛУ?
Борбор Азияны атайылап кайнатып атышат. Ошол отко салынган отун биз болбойлу.
Этияттап, үлкөн державалардын ортосунда калбай жашаганыбыз жакшы. Дүйнөдө эч бир нерсе адам өмүрүнөн бийик турбайт. Кыргызстан диалокторго ачык, тынчтыктын мекени болууга мажбур.
Кандай дейсиңер?
Манас Осмон