Туу мыйзамы күчүнө кирди

Автор

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документ күчүнө кирип, мыйзам мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Ага ылайык, туу ортосуна күндүн кырк нуру түз чачыраган күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт.
Желектин сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Алардын жарактуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн учурда, 1992-жылы кабыл алынган туу бар документтерди тиешелүү мамлекеттик орган алмаштыруу боюнча чечим кабыл алганга чейин колдонулат.
Министрлер кабинетине үч айда өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилди.
Эске салсак, желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга чыгарган. Анда документтин максаты «өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу» экени белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ кыргызстандыктарга аба ырайы боюнча кайрылуу жасады

27-декабрдан 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Андыктан айдоочулар төмөнкү жолдордо жүрүүдө этият болуусу керек: Бишкек — Ош унаа жолу: – 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу; – 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу; Мырза-Аке — Кара-Кулжа — […]

Сизге жагышы мүмкүн