Тууну өзгөртүү мыйзамын ЖК комитети дароо эки окууда жактырды

Автор

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алды.
Эми мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында талкуулайт.
Депутат Чолпон Султанбекованын айтымында, 5 фракциянын — “Ата Журт Кыргызстан”, “Мекенчил”, “Элдик”, “Ишеним” депутаттык топторунун “Альянстын” тиешелүү чечимдери бар.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.
Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

HRW: Израил ачарчылыкты курал катары колдонууда

Израил Газа тилкесинде ачарчылыкты курал катары колдонууда. Мындай баа Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму тарабынан берилди. “Израил эки айдан ашык убакыттан бери Газанын элин тамак-аш жана суудан ажыратып келет, бул саясат Израилдин жогорку даражалуу расмий адамдары тарабынан жактырылган согуш ыкмасы катары жана карапайым калкты ачкачылыкка салуу […]

Сизге жагышы мүмкүн