Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде каралууда.
Учурда мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов комитеттин жыйынында баяндама жасап жатат.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган.
Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.