Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алды.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.
Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы болгон депутаттар — Медер Алиев, Сеид Атамбаев, Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбеков, Мирлан Самыйкожо.