Туунун сүрөтүн эмнелерге түшүрүүгө болбойт?

Автор

Мамлекеттик тууну, гербди жана гимнди маскаралагандарды мыйзам чегинде жоопко тартуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев.
Долбоордун негиздемесинде соңку мезгилде мамлекеттик символдордун сүрөттөрү кийим-кечелерге, айрыкча ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүлгөн учурлар бар экени айтылып, бул атрибуттардын баркын төмөндөтөрү белгиленет.
«Ошондой эле, мамлекеттик символдор жеке адамдардын жана уюмдардын визиткаларына, социалдык тармактардагы жеке аккаунттарына, коммерциялык сайттарга коюлуп жатат. Белгилеп коюучу нерсе, мамлекеттик символдор эгемендүүлүктүн эң маанилүү атрибуттарынан болуп саналат, ушуга байланыштуу мамлекеттик символдорду колдонууга мыйзамдык негизде чектөө киргизүү зарылдыгы келип чыгууда», — деп айтылат документтин маалымкат-негиздемесинде.
Министрлер кабинети мамлекеттик символдордун сүрөтүн кайсы жерлерге түшүрүүгө болбосун тизмелеп чыкты. Мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

2023-жылдын эң мыкты спортчулары аныкталды

Сербиялык теннисчи Новак Жокович менен америкалык гимнаст Симона Байлес L’Équipe версиясы боюнча 2023-жылдын эң мыкты спортчулары аталды. L’Équipe басылмасынын маалыматы боюнча, 36 жаштагы Новак Жокович 2023-жылы үч Чоң шлем турнирин жеңип алган. Андан соң Туринде (Италия) өткөн финалдык турнирдин чемпиону болуп, сезонду ATP рейтингинде биринчи орунда аяктаган. Сербиялыкка экинчи жолу […]

Сизге жагышы мүмкүн