Туристтер үчүн  эскертме буклеттер даярдалды

Автор

Кыргызстанга келген туристтер үчүн 20 миң даана эскертме буклеттери даярдалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, буклеттер туристтик мезгил учурунда чет өлкөдөн келген коноктордун коопсуздугун толук кандуу камсыздоо максатында даярдалды.

Буклеттер «Манас» эл аралык аэропорту, аймактардагы авто бекеттер жана чек аралар чектешкен көзөмөл посттору аркылуу Кыргызстандын аймагына келген туристтерге жана конокторго таратылууда.

Эскертме буклетинде коопсуздук тармагында жол кыймылынын эрежелери, ага салынган айыппулдары жана тийиштүү кызматтардын ыкчам номерлери көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

“Акшумкарлар” 3-орун үчүн Оман курамасы  менен  беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы борбор азиялык “CAFA Nations Cup-2023” турниринин алкагында 3-орун үчүн Оманга каршы ойнойт. Эртең, 20-июнь күнү Бишкек убактысы боюнча  саат 19:30да  Ташкенттеги «Пахтакор» стадионунда CAFA Nations Cup-2023 турниринин алкагында 3-орун үчүн “Кыргызстан — Оман” беттеши өтөт. Штефан Таркович жетектеген Кыргызстандын улуттук курама командасы күн мурун […]

Сизге жагышы мүмкүн