Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчилигине Кылычбек Рысалиев дайындалды

Автор

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси алмашты. Кызматтан кеткен Кудрет Тайчабаровдун ордуна Кылычбек Рысалиев дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кылычбек Рысалиев Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын аяктап, башкаруу боюнча магистр даражасына ээ. Ал 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунда иштеп, долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, Фонддун долбоорлорун башкарууну жетектеген, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын башында эки ай бою Фонддун президентинин милдетин аткаруучу болуп иштеген.
Белгилей кетсек, Туризмди өнүктүрүү фонду 2022-жылы ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу, аймактарда туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү максаты менен түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жылуулук 22-октябрда берилет

Бишкекте үйлөргө жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жылуулук биринчи жолу эрте берилип жатат. Бул синоптиктердин абанын температурасынын төмөндөшү тууралуу божомолуна байланыштуу болууда. Эске салсак, Бишкек мэриясы абанын орточо температурасы 5 күн бою […]

Сизге жагышы мүмкүн