Туризмдин келечеги талкууланды

Автор

Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин жыйыны өтүп, ага Эдил Байсалов, Кудрет Тайчабаров катышышты.
Жыйында быйылкы жылдын жайкы туристтик сезонунун жыйынтыгы чыгарылды. Ошондой эле туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун негизги долбоорлору боюнча кыскача талкуу жүрүп, тышкы жана ички туризмди өнүктүрүү жөнүндө сөз жүрдү.
Жыйынында Экономика министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев үстүбүздөгү жылдын сегиз айында Кыргызстанга чек ара бекеттери аркылуу 6 миллион 143 миң чет элдик жаран келгенин билдирди. Өткөн жылдын ичинде бул көрсөткүч жалпысынан 8,5 миллионго жакын адамды түзгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 2511 кызматкерге иш козголду. Себеби

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Салык декларациясын тапшырбагандар же, белгиленген мөөнөттү бузуу аркылуу тапшыргандар жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөндөр айыпка жыгылышты. Сөз мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер боюнча жүрүп жатат. Белгилүү болгондой, 2511 кызматкерге иш козголуп, сотко жөнөтүлгөн. Алардын 1510 кызматкерге 6 млн 40 миң сом айып салынса, калганынын иши сотто. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн