Турдакун Усубалиев эскерилди

Автор

Кыргыз Республикасын чейрек кылым башкарган белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев бүгүн эскерилди. Ал 6-ноябрь 1919-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Кыргыз коомчулугу анын 104 жашын белгилеп, мазарында куран окулду. Эскерүүгө коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, илимпоздор жана анын Теңир-Тоолук жердештери катышышты.

Турдакун Усубалиев 1961.09.05 – 1985. 02.11 жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-секретары кызматын аркалап, кыргыз мамлекетинин калыптанышына, өнөр жай, маданият, экономика жана мамлекеттик системанын түптөлүшүнө эмгек сиңирген. Кыргыз мамлекетине жана эл алдында өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн “Кыргыз Республикасынын Баатыры” (1999) «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен сыйланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз балбандары Казакстанда өткөн мелдеште алтын утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алмазбек Сманбеков жана Алибек Осмонов Тараз шаарында өткөн Эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 57 кг чейинки салмакта катышкан Алмаз Сманбеков 1-орунга татыды. Ал эми 70 кг чейинки салмакта Алибек Осмонов […]

Сизге жагышы мүмкүн